Menu

Фото – Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов Бугац шаарындагы каада-салтты сактоо максатында ѳткѳрүлгѳн иш-чарага катышты

Бөлүшүү:

Ишемби, 17-август күнү Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг Улуттук коругунун аймагында каада-салтты сактоо максатында ѳткѳрүлгѳн “Бабалар күнү” аттуу эл аралык маданий ишчарага Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов катыштыИш-чарада  АзербайжандынБолгариянынКазакстандынКытайдын  (Уйгур), МонголиянынМолдавиянын (Гагаузия), ѲзбекстандынОруссиянын (Башкирия жана Татарстан),  Турциянын жана Түркмѳнстандын делегаттары да катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бабалар күнү” – бул театралдашкан шоу-программа, улуттук музыка, археологиялык-антропологиялык кѳргѳзмѳлѳр, кол ѳнѳрчүлѳрдүн жарманкеси уюштурулган иш-чара. Азем этнофестиваль форматында ѳттү, анда кѳчмѳндѳрдүн айылын камтыган 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун туристтер келди.

Кыргыз Республикасынын маданиятын даңазалоо жана туристтик мүмкүнчүлүктѳрүн жайылтуу максатында Австриядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү тарабынан кыргыздын боз үйү тигилип, анын ичинде улуттук кол ѳнѳрчүлүктүн стенддери, кийизден жасалган түрдүү буюмдар, ошондой эле Кыргызстан жѳнүндѳгү иллюстрацияланган стенд, туристтик ыңгайлуулук жана Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары тууралуу маалыматтык материалдар кѳргѳзүлдү.

“Бабалар күнү” иш-чарасынын жүрүшүндѳ Элчи Бакыт Джусупов аталган иш-чаранын уюштуруучулары менен жана венгриялык Карпат бассейнинен келген делегаттардын ѳкүлү Андреш Жолта Биро менен жолугушуп, 2020-жылы «Курултай» аземине Кыргызстандын катышуусу тууралуу сүйлѳшүштү.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: