Menu

Мэрия ижара карыздарынан 9,5 млн. сом өндүрдү

Бөлүшүү:

Мына ушундай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 2015-жылдан бери ижара жерлери үчүн карыз болгон акчаларын беришпей жүргөн. Борбордук муниципалитет кызматы жерди ижарага алгандардан карыз 9 млн 952 миң 630 сом 77 тыйын болгонун айтышкан. Борбордун мэриясынын жер ресурстары боюнча башкармалыгы КР Жер кодексинин 50,65,66,119,120-беренелерине ылайык ижара-карызы бар Н.М. Искендербекова жана Т.С. Мергенбаевге карата жазында Бишкектин Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Сот шаардын пайдасына чечим чыгарып, 9 млн 952 миң 630 сом 77 тыйын өндүрүлгөн. 2015-жылы 12-июнда Н.И. Искендербековага Л. Толстой жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинен 3600,0 кв.м жер тилкеси, жеңил конструкциялардан курулган кеңсе жана кампа имараты убактылуу колдонууга берилип, ижара келишими түзүлгөн. Ал эми экинчи карыз боюнча, 2015-жылы январь айында ТС. Мергенбаевге шаардын 3-кичирайонундагы 0,1003 га жер тилкеси 5 жылдык мөөнөт менен кеңсенин курулушу долбоору менен ижарага берилген. Бирок, ал дагы шаардын мэриясына берген убадасын аткара алган эмес. Т.С. Мергенбаевдин ижара карызы 5 млн 401 миң 820 сом 62 тыйынды түзгөн, ошондой эле 1 млн 350 миң 467 сом 65 тыйын ижара акысын төлөө мөөнөтүн создуктуруп жибергендиги үчүн эсептелген.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: