Menu

Илимден импотент эместерге кеңеш

Бөлүшүү:

КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков буга чейин таэнесинин оозу менен жакпаган саясатчыларын жайлап келген. Негизи бул жигит социалдык тармактарга өзүнүн активдүүлүгү менен көпчүлүктөн айырмаланып келет. Өткөндө эле өзүнүн инстаграм баракчасына ырдап жаткан видеосу менен бирге “өлбө, жаным өлбө” деген эркек аттууларга кумарга батып жатканда өздөрүнүн абалына, күчүнө, жашоо шартына карап балалуу болууларын жана балалуу болгондон кийин эч нерседен кем кылбай татыктуу багып кетүүсүнө да милдеттүү экенин курч сөздөрү менен билдирүүсүн жарыялады.

“Жанагы балдарды биринин артынан бирин жасап жатып сүйгөнүнө “Жаным, алтыным, секетим, чырагым” деп жаткандардын эсине.

Баланы го биринин аркасынан бирин кой десе болбой былтыйтып, же былтыйып жасап жатасың. Ошо мощно берилип алып жасап жаткан учурда бир жолу аны кантип багам деп дагы ойлоп койчу айланайын былтыйган чырагым. Себеби, балдарды шалпылдатып жасаганын жасап алып, анан бага албай айласы кетип, карызга баягы бала жасагандай былтыйып батып, анан көп адам өз жанын кыйып жатканына күбө болуп жүрөм. Өзүнүн жанын кыям деген адам ошо менен маселени чечем деп ойлойт окшойт. Ооба, балким өзүнүн маселеси чечилеттир. Бирок, сен анда адам деле эмессиң. Жеткен, накта айбандын айбаны, эгоисттин эгоисти экенсиң.

Карыздарың сен өлсөң сенин эле жакындарыңдын башына түшөт, сени менен кошо оо дүйнөгө кетпейт. Кетсе мен деле миллиардга жакын карыз алып, балдарыма берип, эми ушундай болуп калды, туура түшүнгүлө деп коюп кете берет элем. Андай эмес. Карызга батып батып болушунча, анан өлүп жыргап кете беришет жакшы калгыла деп коюп. А үй-бүлөсү, 5-6 баласы, аялы, ижарага алган батирде, эптеп күнүмдүк акча таап, өлбө жаным өлбө деп араң жан болуп атса, үстүнө сен акмактын карызы барып түшөт. Ошол өлөм деген акмак өзүнүн маселесин чечип кете берди, а балдары, жакындары андан беш бетер кор болду.

Ошондуктан кумарга батып жаткан досум, жакшылап дагы бир ойлонуп иш кылалычы. Эркексиң го если че. Бирдеме болсо эле көкүрөктү уруп эркекмин деп калмай жайыбыз бар. Эркек өзүнүн булчуңу, бала жасаган жери менен эле эркек эмес, ал экөөнө кичине мээни, жоопкерчиликти дагы кошолу э? Ошондо өлүп кетет элем деген нерсе ойго дагы келбейт. Давай достор, абайлап шалпылдагыла”, – дейт Илим Карыпбеков.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: