Menu

Видео – УКМК: Ф.Баабиевдин сүйлөшүүлөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар экендиги аныкталды

Бөлүшүү:

15-август күнү «YouTube» видеохостинг сайты аркылуу («Фархат Бабиев» менен «Амандын» ортосундагы телефон сүйлөшүүсү) «Атамбаев тарапкерлери эмнени эңсеген?» деген темада аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган видео-жарыя таратылган.

Ф.Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот.

Белгилей кетүүчү нерсе Ф.Баабиевдин жогоруда аталган видеосу республиканын тургундарынын жана социалдык тармактарды колдонуучулардын арасында нараазычылык жараткан. Буга байланыштуу, 2019-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошол эле күнү аталган факт боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-экспертиза кызматы тарабынан лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын 2019-жылдын 20-августунда чыгарылган корутундусуна ылайык Ф.Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык козутууга, зомбулукка ачык чыкарактар камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алуу алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган.

Азыркы убакта тийиштүү соттук-фоноскопиялык экспертиза жүргүзүү иш-чаралары белгиленди. Тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту тарабынан Ф.Баабиевге КР ИИМ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан, 2019-жылдын 7-8 августта Кой-Таш айылында фактылар боюнча тергөө амалдарынын аягына чейин камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: