Menu

Орусиянын «кара тизмесинде» 64 миңден ашуун кыргызстандык бар

Бөлүшүү:

2019-жылдын июлундагы эсепке ылайык, Орусиянын «кара тизмесинде» 64 792 кыргызстандык бар. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы билдиргендей, май айында болжол менен 999 кыргыз жараны мунапыстын алкагында «кара тизмеден» чыгарылган.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоосуз жашап, иштеген, убактылуу жашаган жери менен документте көрсөтүлгөн жайы дал келбеген жана башка эрежелерди бузган чет элдиктер «кара тизмеге» илинет. Алар депортацияланып, беш жылга чейин Орусияга киришине тыюу салынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бул өлкөдө 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар экенин июлда «Азаттыкка» билдирип, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: