Menu

Абакты тинтүүдөн ар түркүн буюмдар табылды

Бөлүшүү:

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы борбордун түштүк батыш тарабында жайгашкан №47 абакты 17-август күнү тинтип, бир катар тыюу салынган буюмдарды алып чыкты. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тинтүү учурунда төмөнкүдөй заттар алынган:

– Уюлдук телефон — 16 даана;

–  Акча каражаты — 2714 сом;

– Чөнтөк телефондун батарейкасы — 11 даана;

– Телефон кубаттагыч — 41 баана;

– Сим карта — 10 даана

– Кулакчын — 26 даана;

– Брага — 2 литр;

– Металл сейф — 2 даана;

– Килем — 23 даана;

– Балка —4 даана;

– Оюн карталары — 10 даана;

– Колго жасалган плита — 6 даана;

– Спираль — 1 даана;

– Бензин — жарым литр;

– Болгарка — 1 даана;

– Атыр — 6 даана;

– Wi-Fi — 1 даана;

– Аркан — 10 метр;

– Спорттук шаймандар —12 даана;

– Кол араа — 2 даана;

– Электр араасы — 1 даана;

– Роwеr Bank — 1 даана;

– Саюучу-кесүүчү буюмдар —114 даана;

– Башка буюмдар — 81 даана.

Кызык бул буюмдардын баары кандай жол менен абактын ичине алынып кирилген? Табышмак. Өткөрмө пункттагы кызматкерлер каякты карап олтурушкан? Же эмне алакан ысытып, капчык кампайтууга МЖАКта жол берилгенби? Суроо көп, жооп жок.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: