Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атасынын колтугунда Атамбаевдин балдары жыргап эле жашаган!”

Бөлүшүү:

– Атамбаевдин балдары, бир туугандары азыр мыйзамсыздык болуп көрбөгөндөй күч алып жатканын айтышууда. Азыркы бийлик түпкүлүгүндө чоң катачылыкка жол берип жаткан жокпу?

– Көпчүлүк Атамбаевдин балдары жыргап жашады деп жатышат. Туура. Атасынын колтугунда алар жыргап эле жашашты. Бул чындык. Бизнестерин да жасап жатышты. Бирок, алар өлкөдөгү бүгүнкү реалдуулукту туура түшүнүп, аны туура кабыл ала билиштери керек. Өлкөдө саясий абал өзгөрдү, коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бүгүнкү абалда өлкөнүн бардык атуулдары мыйзам алдында тең укукта. Ошондуктан, А.Атамбаев эмес, алар да эгерде анын учурунда кылмыштуу иштерге барган болсо, салыктан качса жана “мыйзам бузду” деген аракеттерге барса, анда жоопко тартылып калышы мүмкүн. Атамбаевдин мезгилинде канчалаган адам бейкүнөө камалып жатты эле. Бирок, ошол эле учурда бийлик да, укук коргоо органдары да, обу жок аракеттерге барбашы керек. Атамбаевдин кичүү баласы КСДПнын катарына өткөнүн жарыялады. Бирок, ал бул кадамга өзү бардыбы же башкалар аны атайылып түртүп жатышабы? Ал муну так жана анык билиши керек. Саясатка баруу бул өтө жооптуу. Өзгөчө, анын абалында. Анын саясатка барышын башкалар күрөштүн уланышы катары кабыл алышы мүмкүн да. Анын эми ар бир билдирүүсү саясий өңүттө кабыл алына баштайт. А эгер булар мындай кадамдар менен саясий абалга таасир бергиси келип жатса, алардын өз иши. Бирок, кичи Атамбаевдин ачык эле саясатка барам деп жатышы, буларга эч кандай ыдык көрсөтүлбөгөндүгүн көрсөтүп жатпайбы.

– Атамбаевди 2010-жылкы революциянын жүрөгү болгон “Форумда” белгиленген мигинг күч алып кетпесин деп, ошол замат, ага жеткизбей камап салыштыбы?

– Кыргызстанда бүгүн абал өтө өзгөргөн. Өтө бай адамдар пайда болду. Атамбаев өзүн “мультидолларовый миллионер” деп айтты эле. Кечээ жакындан баштап, өлкөдөн канчалаган акчалар чыгып келгенин, кимдер кызыкдар экенин баарын билдик. Бай адамдар өтө көп. Бүгүн бир эле бизнесмен бүтүндөй бир областты, парламентти, премьер-министрди сатып алууга кудурети жетип калган абалга келип калдык. Мына, Атамбаевдин убагында Шакини өтө көп айтышты. Атамбаевдин колдоосу менен бир заматта “Кыргызстан” деген партия түзө калып эле, парламентке киргизип салды. Бүгүн Атамбаев камалды. Бирок, алдыда парламенттик шайлоолор турат. Шакиден да бай адамдар көп. Албетте, булар да өз партияларын парламентке алып кирүүгө аракеттенет. Себеби, өлкөнүн азыркы Конституциясы боюнча президенттин бир эле мөөнөтү бар. Демек, акчалуу бизнесмендер парламенттик шайдоолого, кийинки президенттик шайлоолорду да жеңип чыгуу максатында катышышат. Анан кырчылдашкан таймаш болот. Атамбаев камалды. Себеби, ал Кой-Ташта элдик фронт уюштуруп алып, өлкөнүн туруктуулугуна шек келтирип, аны бузуучу борборго айланып бараткан. Эгерде Атамбаев мыйзамдын негизинде аракеттенгенде, аны мажбурлап мыйзамга баш ийдирүү маселесин жаратпайт болчу.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: