Түркмөнстанда чет өлкөдө окуу жана иштөөнү чечкен жарандар Ашхабаддын эл аралык аэропортунда кармалууда.
Соңку айда ондогон улан-кыздар чет өлкөлөргө чыга албай калышкан. Ашхабад аэрпортундагы миграция кызматкерлери тыюу салуунун себептерине расмий түрдө түшүндүрмө беришкен эмес.
Түркияда окуган, атын атагысы келбеген түркмөнстандык жигиттин айтымында, июль айынан тарта түркмөн бийлиги жарандарын окуу жана иштөө үчүн Түндүк Кипрге чыгарбай жатат:
– Жарандардын көбүнүн эмгек же студенттик визасы бар экенине карабай Ашхабаддан кое бербей жатышат. Менин жээним окуйт. Ал жайкы каникулда үйүнө барган, азыр аны да кое бербей жатышат. Анын студенттик визасы бар. Ал эч кандай мыйзамдарды бузган эмес.
Буга чейин Түркмөнстанда дипломдору таанылбай турган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын тизмеси жарыяланган.
Ашхабад тышкы миграция агымына каршы күрөшүү үчүн жарандарын чет өлкөлөрдөн кайтаруу жана тышка чырбоо боюнча кескин чараларды көрүп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ