Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Кой-Ташка жакын жердеги Беш-Күңгөй айылында милиция бөлүмүн жана машиналарды өрттөөдөн улам келтирилген зыяндын суммасы 2,1 млн. сомду түзгөнүн билдирди.
Ошондой эле тартипсиздиктердин учурунда Бишкекте 34 видеокамера жабыркаган, алардын ичинен жетөөсү “Коопсуз шаардын” камералары. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, залал келтирилген камералардын алдын-ала суммасы 4 млн. сомдон ашкан.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 7-9-августта муниципалитет милицияга жардам үчүн 70 жүргүнчү ташуучу автобусун бөлгөн – алардын ичинен 30 автобустун айнек-терезелери талкаланган, ал эми бирөөсү ондоого жараксыз болуп калган.
“Алдын ала эсеп боюнча автобустарды калыбына келтирүүгө 2 млн сом кетет. Миниципалитет кыйыр да чыгымга учурады: күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып кетти, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды”,- деп билдиришти мэриядан.
Атамбаев күч органдарынын атайын операциясынан кийин кармалган 8-августтун түнүндө анын жалданган 600-700 тарапкерлери Бишкектин борбордук аянтынна чабуул жасашып, башаламандыкты уюштуруу аракетин көрүшкөн. Бирок милиция аларды кулак тундуруучу гранаталарды атып кууп тараткан соң айрым банктар менен бизнес-борборлордун эшик, терезелерин талкалап, зыян келтиришкен.
Милиция кызматкерлери ошол күнү 40тан ашык башаламандык уюштургандарды кармаган.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ