Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. “Салянова тергөө менен кызматташууга каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу камакка алуу бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Салянова “Фейсбук” баракчасынан элге кайрылып, ага коюлган күнөөлөргө тиешеси жок болгонун билдирди: “Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды”, – деп жазган мурдагы башкы прокурор.
Бирок, айрым маалыматтар боюнча, Салянованын ден соолугу кескин начарлап, операция жасоого даярдалып аткандыктан, аны үй камагына чыгарууга туура келүүдө. Бир чети сот мындай чечим кабыл алуу менен туура кадам жасады десек болот. Анткени эгер кокус анын ден соолугу кескин начарлап кетсе, анда жоопкерчилик бийликтин моюнуна жүктөлгөн болуп калат.
Экс-генпрокурор Аида Салянованы ошондо аягына чейин көгөрүп олтуруп, качан гана АША камакка алынганда чындыкты айтып берип, азаттык алганбы? Себеби, кайсы жагынан караба, Батукаевдин иши боюнча бирден-бир буйрутмачы Атамбаев болгону далилденип келатпайбы. Ал айтпаса деле, башка көрсөтмөлөр жетиштүү. Бирок, акыйкат заманда жашап жаткан экенбиз, бийлик гумандуулугун көрсөтүп, Аида айымга жумшак мамиле жасап, коё берди. Мурунку АША бийлиги болсо, кимди болбосун, оорусу-абалына карабай, чыркыратып туруп камап, болушунча эзгенин тарых унутпайт.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ