Menu

Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары президентке кайрылышты

Бөлүшүү:

Эки жүзгө жакын кишинин колу коюлуп, президент Сооронбай Жээнбековго жиберилген кайрылууда 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда аны колдоп чыккандарга карата куугунтук болуп жатканы айтылган жана бул көрүнүштү токтотуу жөнүндө сураныч жазылган.

Кайрылууну жазгандар Алмазбек Атамбаевди өз каалоосу менен колдоп чыгышканын, 7-8-августта желим окту күч кызматкерлери биринчи атышканын, атайын бөлүктүн жоокери каза болуп калганы орду толгус кайгы экенин, бирок бул мурдагы президенттин үйүнө чабуул уюштургандардын күнөөсү экенин белгилешкен.

Алар учурда ошол окуяга катышкандар куугунтукка кабылып, кылмыш иштери ачылып жатканын айтып, бул каргашалуу окуяда эки тарап тең күнөөлүү деп эсептешет. Алар бийликке кайрылып, жогорудагы айтылгандар токтотулбаса коомдо ажырым тереңдеп кетиши мүмкүн экенин эскертишти.

Бул кайрылууга азырынча расмий жооп боло элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күбө катары Ички иштер министрлигине үч жолу чакырылып, барган эмес. 7-8-августта аны Кой-Таштагы үйүнөн алып кетишкен. Операцияга күч түзүмдөрү тартылган. Бир офицер каза таап, 130дан ашуун адам жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: