Menu

УКМК: Бишкек мэриясына караштуу ККБ жер алданынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт жүргүзүүдө иштин баасын жогорулатуу фактылары аныкталды

Бөлүшүү:

14-август күнү Бишкек шаарынын прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилериндеги жер алданынан жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн жана ошондой эле Курманжан Датка (Аламедин базары) жана Шабдан баатыр (Мадина базары) көчөлөрүндөгү жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн сынактарына текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 498,9 миң сом суммасында иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, 122,3 миң сом акча каражатына кылынуучу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген. Ошентип жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнүн негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши учурда КР УКМК өткөрүлүп берилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: