Menu

Мелис Мырзакматов элди токтотпогондо, АШАнын бийлигинин ошондо эле быт-чытын чыгармак!

Бөлүшүү:

2010-жылы куралдуу төңкөрүш жасаган атамбаевчилер тынч жашаган элди экиге бөлүп, Ош коогалаңын чыгарып, айыпсыз бей бечара элдин каны суудай акканы али эсибизден чыга элек. Бир жакшына иштеп, өлкөнү өнүгүү жолуна салып койгон бийлик ээлерин куралдуу күч менен кубалап чыккан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Ошто эки улутту бири-бирин тукуруп отуруп, ортодон от чыгарып, ордолуу Ош шаарынын күлү асманга сапырылып жатып калды.

Мындай кыянаттык кылган кылмыштары үчүн эч кимиси жоопко тартылган жок. Кыргыз элинин уучу куру эмес экен. Мелис Мырзакматов мэр болуп турган учурда күлгө айланган Ош шаарын гүлгө бөлөп, өсүп-өнүктүрдү. Дүйнө жүзүндөгү эң кооз шаарлардын бирине айлантып, оңдоп-түздөп, экономикасын көтөрүп, элин тың багып жаткан мэрди алжыган ажо Атамбаев көрө албастык кылып кыянаттык менен кызматынан кетиргенде касиеттүү кыргыз эли эки саатта эч кимдин чакыруусуз эле эл уулу Мелис Мырзакматовду коргоо максатында элүү миң адам жыйылып калганы жалган эмес.

Ажо Атамбаевдин адилетсиз бийлигине каршы жыйылган эл бирнчи Ошту, анан борбордогу бийликти кулатып, чыныгы эл бийлигин орнотмокчу болуп, 50 миң адам сүрүлүп жөнөгөндө Мелис Мырзакматов: “Мыйзамсыз болуп калат, кагылайын элим, мени коргоп-колдоп келгениңерге рахмат. Атамбаевдин бийлиги менен тайгак кечүү тар жолдо, же болбосо тулгандуу ашууда жолугушабыз. Ал эми азыр мамлекеттик мыйзамды бузбай таркап кетиңиздер!”- деп суранганда калдайган калың журт кайра артына жол тартып, кыргыздын кымбат уулу Мелис Мырзакматовду ызаттап, анын бир ооз сураныч сөзүн угуп, эч кандай мыйзам бузбай таркап кеткени да кашкайган чындык. Мелис Мырзакматов өзүнүн көмөчүнө күл тартып, жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон Атамбаевге окшогон жел өпкө, бузуку болгондо элүү миң адам менен алжыган Атамбаевдин адилетсиз бийлигин быт-чытын чыгармак. Оштогу кандуу кагылышууну уюштурган бузукулардын баарын Атамбаевди кошуп камап жазасын колуна бермек.

Мамлекетин сүйгөн эр жүрөк Мелис мыйзамдуулукту толук камсыз кыла алгандыгы менен алжыган Атамбаевден жолу болсо да, миң эсе эстүү элин-жерин жанынан артык көргөн баатыр, от чыныгы кыргыздын кайраттуу мамлекет башкара ала турган камчыга сап уулу. Атамбаевдин адилетсиз бийлигин сактап калган. “Кызы боозуп энесин коркутат” болуп экс-ажо А.Атамбаев алжып, ар кайсыны бир сүйлөп, дөөрүп, өзү жашаган Кой-Таш айылына куда-сөөгүн, коло коңшуларын, жугунду пайлаган шүмшүктөрдү жанына жыйнап алып өзү өткөзүп берген С.Жээнбековдун бийлигин кулатам деп опурулганы кыргыз элине кечирилгис чыккынчылык кылганга барабар.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин кетирген кемчиликтерин, эл аралык абалды, мамлекеттер аралык мамилени, анын ичинде коңшулар менен кылымдар бою сакталып келген жылуу мамилелердин баарын бузуп салганын баарын оңдоп-түзөп эми эл аралык аброюбузду көтөрүп, мамлекетибиздин пайдубалын бекемдеп баштаганына АШАнын ичи тардык кылып турганы жашыруун эмес. Анан “Кудайдын эркесимин” деп жараткан Алла Тааладан улук сүйлөп жатат. Улуу кыргыз элинде эркелесең да, талтаңдаба деген кеп бар. Кылмыш кылдыңбы жазасын эртеби кечпи аласын. Ажалың жетсе акка моюн сунасың, элди дүрбөткөндөн табар пайдаң жок, АША байке. Кой-Таштагы котур ташың, касиетгүү кыргыз элине тийбесин, элди бузуп жарба, элдин кусуру уруп кетет. АШАнын котур ташынан сак бол, элим.

Маматали Сыдыков, журналист

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: