Menu

Трамп Орусиянын “Чоң жетиге” кайтышын жөндүү деп эсептейт

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын “Чоң жетиге” (G7) кайтышын жөндүү деп эсептейт. Ага Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет.

CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен Трамп менен Франция президенти Эммануэль Макрон телефондо сүйлөшүү учурунда 2020-жылы өтө турган “Чоң жетинин” саммитине Орусияны чакырууну эп көрүшкөн. Буга чейин Макрон Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда эгер Орусия украин кризисин чечүү үчүн керектүү кадамдарга барса, Москваны сүйлөшүү үчүн күтө турушканын билдирген.

24-26-август аралыгында Францияда G7 саммити өтөт, ага Орусия чакырылган эмес. 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Орусиянын топтогу мүчөлүгү токтотулан. Ал кезде ал “Чоң сегиз” деп аталган.

“Мен бул Чоң сегиз болушу керек деп ойлойм. Себеби биз талкуулаган маселелердин көбү Орусияга тиешелүү, – деди Трамп.

2018-жылы июнда дагы Трамп Москвага Канадада өткөн G7 саммитине катышууну сунуштаган. Бирок Кемлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия башка форматтарга көңүл буруп жатканын айткан. Анткен менен эки күндөн кийин Владимир Путин Орусия бул топтун мүчөлөрүн Москвада кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Орусия “Чоң жети” тобуна 1997-жылы АКШ президенти Билл Клинтон жана Улуу Британия премьер-министри Тони Блэрдин чакыруусу менен кошулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: