Menu

Бабанов “Кыргызстан” банкын кайра Садыбакасовага кайтарып береби?

Бөлүшүү:

19-августта “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта беш сааттай сурак берип чыкты. Ал “Кыргызстан” коммерциялык банкы тууралуу сурак бергенин айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка жагдайларды ачыктай албасын билдирди. Бабанов суракта тергөөчүлөрдүн сылык сыпаа мамилесин белгиледи. Быйыл апрелде “Кыргызстан” коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 11-апрелде аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Чынында Бабановдун “Кыргызстан” банкын мурунку депутат, ишкер айым Шарипа Садыбакасовадан Максим Бакиевдердин жардамы менен рейдерлик кылып, тартып алганы тууралуу маалымат ЖМКларда көп жазылып, көп сындалып келет. Бул маалымат бешиктеги балага да белгилүү. Бабановдун андай рейдерлик ишине күбө болуп, катышкан кишилер да арабызда жүрөт. Бирок ошондой болсо да, жанын жеген Бабанов эл алдында, Кудай алдында да актанып келет. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Кудай турат, Бабанов канча актанса да, баягы эле “баскынчы” Бабанов бойдон калат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: