Бүгүн, 21-августта КР Жогорку соту жактоочулардын экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү тууралу өтүнүчүн канааттандырып, ишти кайрадан райондук сотко жөнөттү.
Эсиңиздерге сала кетсек, Атамбаевдик режимдин соттору Текебаев менен Чотонов орусиялык бизнесмендерден 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн 8 жылдан түрмөгө кескен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ