Menu

Ишинде эмес, инстаграмда макталган министр

Бөлүшүү:

Мурда Инстаграм деген эмне экенин билбеген министр Кашкар Жунушалиев Атамбаев камалгандан кийин Инстаграмды “дароо” түшүнүп, өз баракчасын “оптом” 77 миң катталуучусу менен ачты. Кантип? себеби, түшүнүктүү. Азырынча мансабы менен акчасы канын кызытып турган генерал буга чейин кийим сатып келген аккунтту сатып алып, анын аталышын «za_zhunushаlіеvа» деп өзгөртүп алган. Аккаунттун администратору дүкөн жөнүндөгү маалыматтарды тазалап чыкканы менен «досуңду белгиле» деген функциядагы бир реклама өчпөй калган. Министрдин сүрөт-видеолору 16-августта жарыялана баштаганы менен баракча өзү 2017-жылы ачылганы белгилүү болду. Азыр министрдин баракчасына кандайча жазылып калганын билбей калгандарага жазылуудан баш тартып, баракчадан чыгып кетип жатышат. Ишинде жалаң сындан башы чыкпаган кашаң министр эми өзүн Инстаграмда апендинин кызындай мактатып, элге жек көрүндү болуп турат. Дагы бир кызык жагдай ошол эле учурда Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп жумуштан бошотулган Курсан Асановду колдогон баракча да удаа ачылды. Ал баракчанын аталышы – «zа_аsаnоvа», экинчиси – «za_zhunushаlіеvа». Катталгандардын саны 20 миңге жакын. Бул эки генералдын баракчаларына жазылгандар бири-бири менен кайым айтышып, бири Асановду, бири Жунушалиевди жактап жатышканы байкалды. Ошентип, эки генералдын соцтармактагы “согушу” талкуу жаратып олтурат. Бу “кашаң” министрге Инстаграм дүйнөсү ИИМ эмес экенин айтып койгулачы. ИИМдеги интриганы күчөтүп, жеткирчү жагына жеткирип жаткан куураткыр эми Инстаграмды да тынч койбой, минтип эки жаат кылып жатканы жакшы көрүнүш эмес.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: