Menu

Түркмөнстанда 18 жаштагы жоокер каза болду

Бөлүшүү:

20-августта Түркмөнстандын Балканабад шаарындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан Овезали Экаев аттуу 18 жаштагы жоокер каза болду. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын аймактык кабарчысы билдиргендей, жоокердин сөөгү ошол эле күнү ата-энесине өткөрүлүп берилген.

«Жоокердин сөөгү 20-августта кечке жакын жерге берилди. Жакындарына анын өлүмүнүн себептери тууралуу эч нерсе айтылган жок. Сөөктү жеткирип келген аскер комиссариатынын өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери жакындарынан бул окуя боюнча эч кимге маалымат бербөө тууралуу тил кат жаздырып алышты», — деп билдирди кабарчы.

Анын айтымында, туугандары маркумдун денесинде шишиктер болгонун айтып, ага зомбулук көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Экаев акыркы бир ай ичинде Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып каза болгон экинчи жоокер болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: