Menu

Койчубаковдун досу 3000 доллар пара менен кармалды. Өзү болсо суралып…

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковдун жан досу Ашырматов Кубанычбек 31-июль күнү 3000 доллар пара менен кармалды. Ал Койчубаковдун көрсөтмөсү жана тапшырмасы менен “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынан 7000 доллар пара талап кылгандыгы айтылууда. Себеби, аталган компания жакында эле Бишкектин Көлмө жаңы конушунан Асанбай кичи районуна чейин жүрө турган №5-каттамга Кытайдан алынып келген жаңы 18 автобусту ишке берген. Койчубаков болсо автобустар так ишке берилген күнү аталган компания менен эчак эле түзүлгөн келишимди бузуп, №5 -каттамдагы автобустарды иштеп жаткан жеринен токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жаратканы маалым. Ал ар бир автобус үчүн айына 1500 сом төгүп турууну, бул төлөм шаар ичиндеги аялдамаларды колдонуп жатканы үчүн алынарын айткан. Буга чейин эч бир жерде мындай мыйзам жок эле. Ал эми Койчубаков үчүн пара алам деп камалган Ашырматов Кубанычбек эч жерде иштебейт. Болгону Койчубаковдун жан досу, ал анын ушундай “терс” иштерин сонун аткарууга аракет кылып келаткан неме экен. УКМК Ашырматовду эки айга камакка алды. Ал эми атка минер Койчубаковду да суракка алышкан. Койчубаков сурак учурунда шүмүрөйүп, кызматтан кете турганын, жаман оору менен ооруп жүргөнүн айтып, сыздап ийиптир. Деги эле чоңдор минтип көчүктөрү кылтая, беттери былтая түшкөндө заматта оорукчан болуп чыга келишет. А, эмне үчүн элди эзип, мыйзамсыз акча алып, кутуруп жатканда арстандай айкырып турушат? Азыр бул иш боюнча тергөө башталганы айтылууда. Култуңдаган Койчубаков болсо, жоопко тартылбай да, кызматын сактап калуунун да амалын көрүп, жандалбастап жүрөт дешет. Билгендердин айтымына караганда ал ошондон бери ишке чыга элек экен. Айта кетсек, Койчубаков мэр Суракматовдун эн жакын досу. Мэр эми өзүнүн “капчык” досун кантип кызматтан кетирерин билбей башы катып, бул катаал чечимди кабыл ала албай жатыптыр.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: