Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү

Бөлүшүү:

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот, мурдагыдай көмүскө  болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ар бир жаран үчүн тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болорун жана маалыматтын баары ушул реестрде катталарын кошумчалады.

«Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт.

Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз. Анча оор эмес мыйзам бузуулар  кылмыштардын катарынан чыгарылып, мыйзамдарды гуманизациялоонун алкагында жорук катары бааланат. Жорук жасагандар эркиндигинен ажыратылбайт, андайлар үчүн айып пул, коомдук иштер каралган. Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүмдөр, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн терс таасирине кабылбайт.

Соттук —укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилегим келет.  Анткени реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эӊсеген күчтөр аз эмес. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбастан, алга кадамдашыбыз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: