Menu

Канатбек Мурзахалилов, эксперт: “Спикер, комитет төрагалары алмашышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

– Ооба , коомдо Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын курамы жөнүндө түрдүү кескин ой-пикирлер айтылып жүрөт. Негизинен бул негативдүү сындар экендиги баарыбызга белгилүү. «Учурдагы өлкөдө орун алган саясый абалга Жогорку Кеңештин түздөн-түз тиешеси менен таасири бар» деген пикирлер ошол эле кээ бир депутаттардын интервьюларында айтылып жатат. Маселени бир канча өңүттө карасак болот. Биринчиси, бюджеттик тартыштык болуп, баардык тармактарда акча каражаттар кыскартылып жатканда, жаңы шайлоо өткөрүүгө мамлекет даярбы? Экинчиден, чечим кабыл алууга тийешелүү болгон топтордун кызыкчылыгын коргогон, аларга лоялдуу көз карашты карманган, же колдогон партиялар менен келечекте парламентарий боло турган депутаттардын курамы аныкталдыбы? Учурда Жогорку Кеңеште отурган 120 кландын өкүлдөрү өз ара ымалага келиштиби, же булар дагы өз таасириндеги адамдар аркылуу бийликке нааразычылыктарын айттыра баштап, өлкөдөгү бирдиктүү эмес кырдаалга дагы таасирин тийгизе башташабы. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары кандай болгон учурда да «өзүн-өзү таркатууга барышпайт. Саясый чыңалууну басып, элдин көңүлүн шайлоо процессине буруу бийлик үчүн дагы керек. Бирок, ушул жана башка факторлорду эске алып, ажобуз дагы өзүнүн Башмыйзамда каралган укуктарынын негизинде парламентти таркатпайт. Себеби, ушул курамдагы “ийилчээк, тил алчаак” депутаттар учурда бийликке керек. «Жогорку Кеңештин бул курамы биз кандай сындарды айтсак дагы, өз мөөнөтүнүн акырына чейин иштейт» окшойт деп ойлой баштадык. Жаңы саясый сезондо спикер, кээ бир комитеттердин төрагалары рокировка болуусу мүмкүн.

– Бирок, элдин ушундай терс пикирлери депутаттарды бир аз болсо да чыйралтар. Себеби, эмдиги жылы кайра эле шайлоого барышат да?

– Албетте, чыйралтыш керек. Жаңы саясый сезондо бизде калыптанып калган көптөгөн компроматтардын кармашы, түрдүү жолдор менен өзүн-өзү жарнамалоо, көптөгөн популисттик чакырыктар менен сунуштардын күбөсү болобуз го. Бирок, депутаттардын басымдуу көпчүлүгү өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды кардиналдуу түрдө оңдоого, көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууга ыйгарым укуктары жетсе дагы, эрки менен духу жетпейт го…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: