Кечээ, 21-август күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары менен болгон жолугушуусунда катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлерин АКШ мененрегионалдык өз ара аракеттенүүнү жана мамилелерди бекемдөөгө натыйжалуу механизм болуп кызмат кылуучу «С5+1»форматындагы кезектеги жолугушуунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө, К.Токаев Борбор Азиядагы интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүнүн, региондогу соода, инвестициялык, транспорттук, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Казакстан Президенти ошондой эле 2018-жылдын март айында болуп өткөн Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын биринчи Консультативдик жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу мамилелерге токтолуп жатып, К.Токаев өзүнүн Кыргыз Республикасына боло турган сапарынын ийгиликтүү өтөрүнө ишенерин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго жылуу саламын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ