Menu

Генпрокуратура: Депутат Ирина Карамушкина “адамдарды барымтага алуу, аны уюштуруу” кылмыштарына шектүү деп табылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-августта КСДПчы депутат Ирина Карамушкинага адамдарды барымтага алуу кылмышына катышкандыгы үчүн шектелип жаткандыгы  боюнча маалымдама угузулду. Бул тууралу Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Ирина Карамушкина 7-августта Кой-Ташка Атамбаевдин үйүнө аны суракка алып кетүү үчүн келген УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлеринин бир тобун барымтага алууну уюштурган жана катышкан деп шектелип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 244- “адамдарды барымтага алуу” жана 43- “кылмышты уюштуруу жана ишке ашыруу” беренелери боюнча күбө статусунан кылмышка шектүү статусуна которулду.

Ал эми Ирина Карамушкина өзү социалдык тармактардан “Мен азыр ИИМдин тергөө башкармалыгында адвокатымды күтүп олтурам. Мени Генералдык прокурор Жамшитов Кылмыш-жаза кодексинин 244- “массалык башаламандыктарды уюштуруу” беренеси боюнча күбөдөн кылмышка шектүү кылып которуптур, мен атайын элди уюштуруп, аларга акча таратып укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сабоого буйрук берип турупмун, аны менен Жогорку Кеңештин депутатынын антын бузупмун”, деп жазган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: