Menu

“Чагымчыл фейк аккаунттардын IP-даректерин тактап, жоопкерчиликке тартуу зарыл” 

Бөлүшүү:

Соңку беш жылда интернеттин кыргыз сегментинде фейк аккаунттар беш-алты эсеге көбөйүп, алар Fасеboок коомдук желесин негизги платформа кылууда. Шектүү аккаунттар көбүнесе саясый нукта жалган жаңылык таратышат. Алакандай кыргызды аймактарга бөлүшүп, чагымчыл сөздөрдү жазышып, бирөөнүн аброюна шек келтирген сөздөрдү таратышып, карапайым калкка туура эмес маалыматтарды жеткизүү үчүн шугулданышат. «Мындай фейк аккаунттарды жөнгө салууга болобу? Кандай чара колдонуш керек?» деген суроолорубузду төмөндөгү эксперттерге узаттык.

Марат Токоев, медиа эксперт:

– Азыркы заманда ар бир адам медиа сабаттуу болушу керек. Башкача айтканда, кайсы маалымат, кайсы маалымат булагы фейк экенин аныктаганды билиши абзел. Алып жаткан маалыматтардын баардыгына сын көз караш менен кароо зарыл. Анткени азыр фейктерден толук арылуу жолдору жок. Менимче, бул мүмкүн да эмес.

Акылбек Жамангулов, “Мегаком” компаниясынын башкы директору:

– Менин оюмча, буга мамлекет тараптан көңүл бурулушу керек. Реалдуу турдө эле фейк аккаунттар менен элдин оюн башка жакка буруу иши жүрүүдө. Төрт-беш адам эле элдин оюн башка тарапка буруп коюп жатышат. Мен ойлойм, мамлекеттик деңгээлде мыйзамдарды өзгөртүппү, же кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө умтулсак. Техникалык жактан муну жасоо андай деле кыйын эмес. Ар бир аккаунтгун ІР-даректерин тактаса болот. Эң негизгиси, мыйзам аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизип, жоопкерчиликти күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүшүбүз керек. Ар кандай чагымчыл сөздөрдү жазган, террористтик иштерге байланышы бар, коопсуздукка шек келтирген нерселер болбош үчүн биз буга мамлекет тараптан көңүл бурушубуз зарыл. Азыртан көңүл бурулбаса, бул абал күч ала берет. Акыркы эки-үч жыл аралыгында интернет аркылуу маалымат алуу күч алды. Ал жердеги маалымат тастыкталганбы, тастыкалган эмеспи, эч ким жоопкерчилик тартпайт. Көп терс маалыматтар, каралоолор фейк аккаунттар менен жүрүүдө. Ошондуктан буга биз бөгөт коюшубуз керек да.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: