Menu

“Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн каражат кайда жумшалат?

Бөлүшүү:

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айып пулду 3-марттан бери карапайым эл ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айтор, чөнтөктөрүндөгү болгон акчаны кагып, айрымдары карыздап төлөп келишет. Бир топ эле каражат чогулгандай болду. Бирок жолдор, жол белгилери баягы эле калыпта. Айып пулдан түшкөн каражаттын 5%ы эле жол оңдоого жумшалары кейиштүү. Биз төмөндө сурообузга жооп алып, кайчы пикирлерди сунуштайбыз.

Илиязбек Балташев, “Newtv.kg” телеканалынын редактору

Илияз мырза, “Коопсуз шаар”  шаар долбоорунун алкагындагы айып пулдун бөлүштүрүлүшү тууралуу айтып чыктың. Ушул тууралуу кененирээк кеп козгосок…

– Мен коркунучтуу мафияга 500 сом айып пул төлөдүм. Бирок айдоочулардан алынган акчаларды өкмөт туура эмес бөлүштүрүп жатканына кыжыр келбей койбойт. Эмне үчүн мен төлөгөн айып пулдун 5%ы б.а. (500 сомдун 5%ы 25 сом) 25 эле сом жол оңдоого жумшалат? Эмне үчүн улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 5% үлүш алат? Эмне алар көчөгө чыгып жолду шыпырып, тазалап жатышабы? Же шаар үчүн кандай кызмат аткарып жатышат? Ар бир эреже бузуунун айып пулун төлөөде терминалдар элдин 40 сомун жеп алат.

Жогоруда айткан айып пулду бөлүштүрүүнүн схемасын мен ойлоп тапкан жокмун. Муну өкмөт башчы Абылгазиев ушинтип чечип койгон. Эй кыйындар, көзүңөрдү чоңураак ачып, “Коопсуз шаарыңарды” караштырбасаңар, кооптуулук күн сайын жакындап келе жатат!

Ыманалы Саркулов, жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары

– “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айып пулдун 5%ы эле жол оңдоого жумшалат экен, калганы кайда жумшалат?

– Телөнгөн айып 100% мамлекетке түшөт. Анын баарын мамлекст бөлүштүрө турган акча. “Айып пул” деген алдын ала эсепке ала турган нерсе эмес. Эгер биздин айдоочуларыбыз жол эрежесин бузбай жүрө турган болсо, анда жол эрежеси да, жол да бузулбайт эле. Эң негизгиси, адамдар кырсыкка учурамак эмес. «Айып пулдун мынча пайызы тигил жакка, бул жакка бөлүнөт» деген туура эмес система. Айып пул баардыгы бир эле бизин тармактагы эмес, башка тармактагы айып пулдар дагы мамлекеттик бюджетке түшөт. Анан ал жактан бөлүштүрүлө турган система өкмөттүн кол алдында.

– Болжол менен бир айда айып пулдан канча каражат түшөт? 

– Азыр «Коопсуз шаар» боюнча айта турган болсок, 3-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин 200 миллиондон ашык акча чогулду. Биздин кызматкерлер протокол түзүп, 2018-жылдын жыйынтыгы менен жарым миллиардга жакын каражат айып пул катары түшкөн. Айып пул сала турган тармактар өтө көп. Биз салабыз. Ички иштер министрлигинин башка кызматтары, ошол эле бажыкана, ошол эле салык инспекциясы, бул органдардын баарынан түшкөн акчанын баары мамлекеттик бюджетке түшөт. Мамлекеттен анан түрдүү системага бөлүштүрүлөт.

Айбек Мырза, жарандык активист

– Айып пулдан түшкөн каражат кайда кетип жатат? Ким көзөмөлдөйт?

-Негизи жол оңдоого биз төлөгөн салыктан кетсе керек. Айыппул боюнча айтып кетсем, акчанын көбү орус компаниясынын чөнтөгүнө кетип жатат. Өкүндүргөнү – орус компаниясы бул долбоорго болбогон акча салып, жыйынтыгында, айып пулдун эсебинен чоң пайда көрүүдө. Анткени алар бөлгөн 23 млн. доллар «Коопсуз шаарга» камераларды орнотууга жумшалды да.

Бул жерде негизги маселе айып пулдарды карапайым адамдардын чөнтөгүнө карап азайтыш керек. Өкмөт күзүндө бул маселеге кайрылганы жатат. Айып пулдан түшкөн акчанын көбү жолдун инфраструктурасына жумшалса болмок. Анткени жол белгилери көп жерде жаңыртылышы керек. Айрым жерлердеги кыска жолдор узартууга муктаж болуп турат. 5% менин оюмча өтө аз. Азыр канча пайызы Орусияга, канча пайызы Кыргызстанга калары кызык. Кыргызстанга калган акчанын жок дегенде жарымы жол көйгөйлөрүнө жумшалса туура болмок. Бул боюнча, албетте, коомдук пикир жаратып, айтып чыгып, маселени унчукпай койбой, козгошубуз керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: