Menu

Татына Израилова, модель: “Мырзалардын чакыруусун көпчүлүк учурда кабыл албайм”

Бөлүшүү:

«КG Stylе Bеаutу соmраnу Куrgyzstan» моделдик студиясынын модели, «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагынын катышуучусу жана финалисти, чырайлуу кызыбыз Татына Израилова менен маек курдук.

Татына жашоодо максатың кандай?

-Мен 22демин. Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болом. Бирок, борбор калаабызда бой жеттим. Бишкек шаарындагы №-7 орто мектепти аяктадым, кесибим боюнча фармацевтмин. Андан сырткары «КG Stylе Bеаutу соmраnу Куrgyzstan» моделдик  студиясынын моделимин. Моделдикти хобби катары карап, турмушума, жашоома үйрөнчү көп нерсе алам. Учурда сулуулук салондо иштейм. Өзүм да сулуулук салон ачсамбы деген оюм бар буюрса. Эң негизгиси, элимдин керегине жараган эл кызы болуу максатым.

Сен тартылган клиптер, тасмалар тууралуу уксак…

– Клиптерге, тасмаларга чакыруулар көп болуп турат. Алгач сценарий, ролдорду сурап, анан чечим кабылдайм. Жакында эле Айчүрөк Иманалиева эжекебиздин “Кыргызча” аттуу клибинде башкы каарман болуп тартылганым акыркы эмгегим десем болот. Андан сырткары да башка клиптерде эпизоддордо тартылгам..

– Жактырган ырчыларың кимдер?

– “Ушул ырчынын ырлары жагат” деп айта албайм. Ыр көңүлгө жагымдуу, маанилүү, жүрөккө жеткен болсо кайталап уга берем.

Жакшы улуу мырзалар тараптан кафе, ресторандарга чакыруулар болуп калса, кандай кабыл аласың?

– Мындай жагдай болбой эле койсун демекчимин. Анткени терс көз караштамын. Учурда сүйлөшкөн жигитим бар.

– Кандай иштерди аткаруудан ырахат аласың?

– Мен негизи бир жумушту баштасам, аягына чыгарганды жакшы көрөм. Пайдалуу иштерди аткарууга аракет кылам. Ар бир баштаган ишимдин жыйынтыгын көргөндө ырахат алам.

– Инстаграмдын жашооңо тийгизген таасири?

-Чынын айтсам, инстаграмда көп отурам. Убактымдын көбү эле инстаграмга кетет. Эмнеге билбейм, адат болуп калса керек.

– Эң бактылуу ирмемди кандай элестетесиң?

– Келечек тууралуу көп ойлоном. Көп кыялданам. Келечекте ата-энем сыймыктанган адам болсом дейм. Атам-энемди камсыздап, эч нерседен кем кылбай, алардын бактылуу ирмемдерин көрүү мен үчүн баа жеткис бакыт. Албетте, анан сүйгөн адамым менен турмуш куруп, эне болуп, бактылуу жашаганды да кыялданам.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: