Menu

1 миллиард АКШ долларын казынага төк дагы Кыргызстанга келе бер десек кандай болот?

Бөлүшүү:

Акыркы учурларда эгемендүү Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келээри байма-бай айтылууда. Акаев өзү дагы маек берип мекенине келүү максаты бар экенин жашырбай айтып, а түгүл жакында барам дегендей сөзүн кыйытыптыр. Анан бир ой туулат…

Эгер Аскар Акаев келе турган болсо, аны менен сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз элинин алдынан кечирим суратып 1 миллиард АКШ долларын казынага төктүрсө кандай болот эле деген. Ансыз деле Аскар Акаевди күнөөлүү дегенибиз менен 14 жылдан бери жакын турган, а түгүл негизги стратегиялык өнөктөшүбүз катары эсептелген Орусиядан алып келип, жазалай албай атпайбызбы. Андан көрө 1 миллиард АКШ долларын казынага төгө турган болсо ал каражатка канчалаган социалдык маселелерди чечсек болот эле. 1 миллиард долларды сомго айландырган дээрлик 70 миллиард сом. Бул каражатка канча мектеп, канча оорукана салсак болот эле?! Ошол эле АКШда баш калкалап жүргөн Аскар Шадиевди 500 миллион АКШ долларын казынага төк дагы Кыргызстанга келе бер десек бюджетибизге оңбогондой салым болот эле? Ушул сыяктуу жолдор менен жеп-ичкендерди «кустуруу» аракетин мыйзам менен ишке ашырып, керек болсо ушул жолду багыттаган мыйзам долбоорун иштеп чыксак неге болбосун?! Ансыз деле жеп-ичип алып качып кетип атышпайбы. Андан көрө олчойгон миллиондорду казынага төксөң Кыргызстанга келесиң десе уурдалган акчалардын бир тобу толукталат беле деген ой келет. Бул биздин жөн гана сунуш-оюбуз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: