Menu

Вице-премьер министр Замирбек Аскаровго: Сизге “сулуу чымчык” деген каймана ысымыңыз кут болсун. Бул “кличка” өзүңүзгө жактыбы? 

Бөлүшүү:

Жогорку аткаруу бийлигинин негиздүү бир бутагына аты-жыты чыкпаган деген немени вице-премьер-министр кылып бекитишкен. Баягы эле фракциянын кызыкчылыгы, фракция тандаган кадр деген жүйөнүн негизинде. Жетекчи болгондон бери жыргаткан жарытылуу бир ишин көрбөдүк. Чын да, эй! Корозчо койкоңдоп жасанып алып чет өлкөдөн келген ардактуу конокторду тоскондон башка ишин көрө элекпиз. «Сулуу чымчык» каймана атка ээ болгон Аскаров иш бөлмөсүндө өң-келбетин улам күзгүдө карангандан башканы билбейт окшобойбу. Муну өкмөт Көкүйдөгү сулуулуктун символун даңазалоочу экспонат кылыш үчүн алып келишкенби деген суроо туулат. Өзү менен байланышып маек алуу максатыбыз ишке ашпаган соң суроолорду гезит бетинен берели деп чечтик. Эмесе суроо…

-Замирбек Марипбаевич, бир жарым жылдан бери эмне иш аткардыңыз? Вице-премьер министр болгонго чейин кандай жетекчилик тепкичтерди басып өткөнсүз? Азыркы кызмат ордуңузга тажрыйбам жетиштүү деп айта аласызбы? Жаңы жетекчи болуп келгенде келген кагаздардын каягына кол кол коюшту билбей жардамчыңыздан сураганыңызды айтып күлүп жүрүшөт. Азыр үйрөнүп калдыңызбы? Сылан корозчосунан жасанып жүрөсүз, мындан улам тегерегиңизде жүргөндөр сизге “сулуу чымчык” деген каймана ысым (кличка) ыйгарганын билесизби? Бул “кличка” өзүңүзгө жактыбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: