Menu

Баян Джумагулова, журналист: “Венера Джуматаева с “весьма сомнительным” образованием, работала на полставку, но получала полную зарплату при этом не готовила не одного материала”

Бөлүшүү:

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШ канаттуу ракетасын сынаганына байланыштуу Орусия жана Кытайдын демилгеси менен чукул жыйын өткөрдү. Нью-Йоркто өткөн чогулуш БУУнун сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

Орусия жана Кытай бийлигини пикиринде, Вашингтондун аракети эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратат.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жонатан Коэн жыйын учурунда Орусияны орто аралыкта учуучу ракеталарды чыгарууга жана келишим шарттарын бузууга айыптады. Ал Москваны 8-августта Северодвинск шаарында болгон жарылуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө да чакырды. Коэн Кытайды болсо ракеталык дараметин жогорулатууга айыптады.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Дмитрий Полянский өз кезегинде дүйнө АКШнын геосаясий дымагынан улам куралдануу боюнча жарышуу алдында турганын айтты. Полянскийдин пикиринде, ракеталык келишимди бузуу боюнча Вашингтондун Москванын дарегине айткан сын пикири орунсуз.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Лю Цзеи куралдануу боюнча жарышууну ооздуктоо үчүн келишим маанилүү экенин билдирди. Ал АКШ менен Орусияны сүйлөшүүгө чакырып, Вашингтондун келишимден чыгып кетишинин терс кесепеттерин белгиледи.

19-августта АКШнын Коргоо министрлиги жерден атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын жарыялады. Пентагон белгилегендей, бул жаңы куралды сыноого Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишим жокко чыгарылгандан кийин мүмкүн болду. Ага чейин бул ракеталардын учуу аралыгы аталган келишимдин шарттарына каршы келчү. Калифорниядагы Сан-Николас аралында коё берилген ракета 500 чакырым учуп, бутага таамай тийген.

Буга чейин АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден улам 500 чакырымдан 5 500 чакырымга чейин уча турган ракеталарды иштеп чыга албай келген. Вашингтон аталган келишимден быйыл 2-августта чыгып, бул чечимин Орусия көптөгөн жылдардан бери эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуп келгендиги менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: