Menu

Монополияга каршы агенттиктин директору Шухрат Сабировго түз суроо: Негизи эле багытында эмне иш жүргүздүңүз, билсек болобу?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттиктин директору Шухрат Сабировдун мээсинде мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы деген түшүнүк жашабай тургандыгы тастыкталып бүттү. Мыйзамдын логикасына ылайык монополисттерге каршы турбастан алар менен тескерисинче коюн-колтук алышып иштеп, жалаң «шабашка» жасап жатканын жашырууга «бовой» калды. Жашылча, өсүмдүк менен кийим-кечени мындай кой күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштын баасы өйдө-ылдый секирүүдө. Көзөмөлсүз калды. Ал эми кара майдын баасы жалпы элдин жанын кашайтууда. Март айында Жогорку Кеңеш тапшырма берип, өкмөт жыйын өткөрүп, жазгы жана күзгү талаа иштеринде бензин менен солярканын баасы 35 сомдон ашпашы керектигин талап кылган. Бирок монополияны көзөмөлдөгөн тегерек сакалдуу «ноен» жеке кызыкчылык менен кызыл кулактыкка алдырып, күзгө жеткирбей бензинди 42, солярканы 45 сомго чыгарды. Бул чектен ашкандык да!

Шухрат Маматалиевич, быйыл күйүүчү май жылдагыдан кымбат болду. Бирок, бул боюнча биз жазганыбызда күйүүчү майдын баасын монополияга каршы агенттиги тизгиндей албасын айттыңыздар эле. Эмнеге бул боюнча элге кеңири түшүндүрө алган жоксуздар? Негизи эле монополия багытында эмне иш жүргүдүңүз, билсек болобу? Качан эл алдына чыгып жооп бересиз?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: