Menu

Казакстанда Сириядан алып келинген аял беш жылга соттолду

Бөлүшүү:

22-августта Казакстандын Актөбө шаардык соту Сириядан алып келинген Акмарал Алмагамбетованы беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал мекенинде терроризмди пропагандалоого жана кыстыкты козутууга айыпталып жаткан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Алмагамбетова 2013-жылы августта Кыргызстан аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга кеткен. 2014-жылы туугандары менен байланышка чыгып, Жакынкы Чыгыштагы согуш болуп жаткан аймакта жүргөнүн билдирген. Иштин материалдарына ылайык, ал ошол жылдары Казакстандагы мурдагы күйөөсүнө «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун «идеяларын пропагандалаган» бир нече видео дана аудиобилдирүүлөрдү жөнөткөн.

Алмагамбетова Казакстанга Сирияда төрөлгөн эки баласы менен жеткирилген. Учурда алар мамлекеттик камкордугуна алынган.

Июлдун аягында Актөбө шаардык соту Сириядан алып келинген Зарина Акмалаеваны дагы ушундай эле айыптар менен беш жылга кескен. Ал казак бийлигинин операциясынын алкагында Сириядан эки кызы менен чогу алынып келинген. Кыздары учурда таенесинин колунда.

Жалпысынан «Жусан» деп аталган операциянын алкагында казак өкмөтү Жакынкы Чыгыштан 516 жаранын, анын ичинде 360 баланы кайтарып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: