Menu

Кыргызстандагы кырдаалды эл аралык серепчилер кандай баалады?

Бөлүшүү:

Өлкөбүздөгү оош-кыйыш кырдаалдар бизге гана эмес, тегерек четибизде жашагандарга да таасирин тийгизбей койбойт. Айрыкча, азыркы ааламдашуу доорундагы бардык тармакты кучагына камтыган тыгыз байланыш же байыркы ата-бабадан калган “бир уйдун мүйүзүнө чапсаң, миң уйдун башы какшайт” дегендей накыл сөзгө жупташып калды. Андыктан, биздеги окуялар коңшу жана шериктеш өлкөлөрдү да сестендирип, бир четинен чочутуп жатканы чындык. Алардын эмне дегенине кулак түрүп турушубуз керек.

Дубновдун ортого салган омоктуу ою

Өткөн аптада КМШ өлкөлөрүндөгү, өзгөчө Борбор Азиядагы саясый-коомдук абалды чемичкедей чагып, ийне-жибине чейин талдап жүргөн дүйнөгө белгилүү аналитик, политолог Аркадий Дубнов «Эхо Москва» радиостанциясынын «48 мүнөт» деген берүүсүнө Кыргызстандагы кырдаал ооюнча кеңири маек курганына күбө болдук. Дубнов мурдагы жана азыркы президенттин ортосундагы пикир келишпестик жөнүндө кеңири сүйлөп, кеп арасында Сооронбай Жээнбековдун инсандык табияты тууралуу оюн дагы ортого салыптыр. Ошого назар бурсак.

Албетте, биз кааласак да, каалабасак да сырткы дүйнө менен, өзгөчө коңшу жана шериктеш мамлекеттер менен иштешкенге аргасызбыз. Алардын пикирин укканга милдеттүүбүз. Мындайча айтканда, сен жақшысың же сен жамансың дебестен ар бирине түз мамиле кылып, уруш-талашы жок карым-катышта жашоо – эң негизги парзыбыз десек болот. Ал мамиленин чыңдалышын эң алды бийлик камсыздайт. Жогор жактан кемчилик кетсе аксап, ийгилик менен коштолсо арышыбыз артары бышык. Мына ушул саясий маселени Аркадий Дубнов жиликтептир.

Кытмыр максаттын талкаланышы

Дубнов сөз башында экс-президент Атамбаевдин жүрүшү боюнча кеп козгоп, алты жылдык башкаруусунда бийликти узурпация кылганга жетишкенин айтыптыр. Чындыгында эле атаандаштарынын баарын камап, сыртка кубалап, оозун жаап бүткөн эле. Журналисттерди соттотуп, бир нечесине миллиондогон сумманы илип, тилин кескенин билебиз. Мындай шартта Дубнов айткандай экс-ажо өз бийлигин түбөлүк сактап калууну самап, эң ылайыктуу жолун издеген. Аны жасаш үчүн Конституцияны өзгөртүү чечимине келип токтогон.

Дубнов: «Амбициялуу Атамбаев бийлигин сактап калуу үчүн 2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөйт деп үзөңгүлөштөрүнө берген убадасын бузуп өзгөртүүгө барды. Атамбаевдин бул кылыгы коомчулукту гана эмес, пикирлеш жүргөн Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаевдин нааразычылыгын туудурду» дейт. Атамбаев Баш мыйзамды экинчи мөөнөткө баруу үчүн өзгөрткөн, бирок коомчуулуктун, өзгөчө Текебаевдин каршылыгынан улам ал жобону киргизе албай чочуп, партия лидери башкара турган системага токтолгон. Ал азыркы Армениянын формасы эле.

Таза адамдын бийликке келиши – кыргыздын бактысы болду

Политолог муну туура байкап: «Дэн Сяопин, Ли Куанг Ю же азыркы Назарбаев сыяктуу бийлигин сактап, сырттан башкарып турууну чечкен» дейт. План боюнча Атамбаев сырттан бир жылга чейин гана башкарып, былтыркы күздө кезексиз парламенттик шайлоо өткөрмөй болгон. Анда көпчүлүк добуш менен партиясын Жогорку Кеңешке киргизип, анан талаш-тартышы жок премьер-министр болууну эңсеген. Ошону менен бир нече жылга чейин эки тизгин, бир чылбырды эч кимге карматпастан башкарып калмак.

План бышып бүткөн соң Аркадий Дубнов айткандай: “Ал максатка жетиш үчүн Атамбаев кол бала сындуу ийкемдүү башкарылган мураскер издей баштаган”. Алты-жети талапкердин ортосунда тандоо жүргүзүп, акыр аягында коррупцияга малынбаган, экинчи жагынан түштүк регионунун кулуну катары С.Жээнбековго токтолуп, сүрөөнгө алды. Так мына ушул жерде кыргыздын бактысы бар экен. Атамбаевдин планы талкаланды. Ал таза кишини сүрөп жаңылды. Эгер артында калбыры бар адамды сүрөгөндө Атамбаев кекиртегинен илип алып каалагандай калчай бермек.

Кыргызды карызга батыргандар жазасыз калбашы керекпи?

Акылы кирди-чыкты болгон адамдын тагдыры акыры ушинтип бүтүшү керек эле. Муну Дубнов да байкап: «Ал чындыгында эле азыр Казакстанда өкүм сүрүп жаткан кырдаалды кайталагысы келген. Бирок, Атамбаевди журт атасы дегенге дегеле тил барбайт, аны Назарбаевге салыштыруу такыр мүмкүн эмес. Акылмандыгы да, дүйнө таанымы да, тажрыйбасы да, тарыхты таануусу да тайкы болгон» дептир. Арийне, анын тайкылыгы өлкөгө ири зыянын тийгизди. Миллиарддаган карызга батырып, жакын арада кутулбай туртан азапка салып кетти. Муну эл да, тарых да кечирбейт.

Политолог Сооронбай Жээнбековго токтолуп, түштүктүн кулуну катары намысы бийик, кызуу кандуу адам экенин, Премьер-министр кезинде бир чиновникти начар доклады үчүн эшикке кууп чыкканын, мындай мүнөзүнөн улам Атамбаевдин ачуу сынына чыдабаганын айтыптыр. Ырас баш ийип, чөгөлөп берген жок. Бул жерде Сооронбай Жээнбековду тазалыгы жеңди. Коркутуп-үркүтүүсүнө карабай силкинип чыгып кетти. Дубнов: «ЖЭБтеги коррупция боюнча Сапар Исаков баш болгон чиновниктерди отургузду. Батукаевди качырууда кол кабыш кылгандыгы боюнча Атамбаевге кылмыш ишин ачты. Жээнбеков баш ийбестигин көрсөттү” дейт.

Ажо “мафиялык топту” эмес, элди тандады

Чындыгында Сооронбай Шарипович үчүн ошол учурда оор болду. Элди же досун тандоого туура келди. Акылмандык менен кадам таштап, туура чечим кабыл алды. Эгер досун тандаганда арышы артмак эмес. Бир жылга жетпей кетмек, же эч бир укукка ээ болбогон кызматында кол бала катары отурмак. Ал арада сөзсүз түрдө бир нече шойкомдуу иштерге кол коюп, коррупциялык иштерге аралашып кетиши мүмкүн эле. Бирок, оор экенине карбастан туура кадамга оарып, өзү баамдап ар дайым айтып келе жаткан «мафиялык топко» баш ийбестен, элди, мамлекетти тандай алды.

Москвада сүйлөгөн Аркадий Дубнов президент Жээнбековдун үй-бүлөсүнө дагы токтолуп, таасирдүү үй-бүлөдө чоңойгонун, атасы Кара-Кулжадагы колхоздун директору болуп иштеген кадыр-барктуу киши болгонун белгилеп өтүптүр. Ошону менен катар Жээнбеков бардык мусулмандар катары 5 маал намаз окурун, динчил киши болгону менен бир да радикалдык агымга кирбегенин так айтыптыр. «Ал бийликке келгенде эми өлкөдө дин каптайт деген коркунуч болгон, бирок өлкө өнүгүүнүн гана жолунда баратат» дептир Дубнов. Чындыгында эле дин күчөгөн жок, тескерисинче экстремисттик топторго катуу чара көрүлүүдө.

Мамиле чыңдалып, өлкө өнүгүү жолуна түштү

Дин күчөйт деген коркунуч иниси Асылбекке байланыштуу эле. Ал киши парламенттин спикери болуп турганда имараттын ичине чет өлкөлүк уюмдардын жардамы менен намазкана уюштуруп бир топ чуру-чууну жараткан. Бирок, президент бир нече ирет мамлекетти өзүм гана башкарам, инилерим дагы кирише албайт деген. Ал сөзүн ушул жерден дагы тастыктаганын байкасак болот. Дубнов бул маселеге токтолуп: «Сооронбай Жээнбеков өзү да өлкөдө мектептен мечит көп болгону жакшы, ыймандуулар көбөйөт деген сөзү менен эсте калган. Бирок, 1,5 жылдык башкаруусунда исламдашуу, радикалдашуу өлкөдө жүргөн жок» деди.

Сооронбай Жээнбековдун экинчи жетишкендиги, элдин ишенимине ээ болгону бузулган мамилени оңдоп кеткендигинде болду. Дубнов: «Жээнбеков ишке киришери менен Казакстан менен болгон мамилени жайгарды. Алар бийик деңгээлде тосуп алды. Анда өзүн татыктуу алып жүрүп, аз сүйлөп көп тыңдады, жакшы таасир жаратты» дейт. Ошол сапар чоң бурулуш болду. Атамбаев менен болгон мамиле ошол жерден үзүлдү. Казакстандан келери менен ачууланып кирип барганы, кыйкырып-өкүргөнү ММКларга чыккан. Өзүн тыялбай жүрүп акыр аягы камак менен бүттү. Атамбаев өзүнө өзү көр казды.

Эне үйдүн куту экенин тастыктоодо

Кызыгы, Аркадий Дубнов Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун аялы Айгүл Токоевага да токтолуп, «Ал абдан сулуу аял, анын үй-бүлөдө болуп, бала тарбиялаганга аракеттенгени сыйлоого татыйт» деген. Чындыгында эле эне деген бул үйдүн куту. Аны бүгүнкү биринчи айым эң сонун тастыктап жатат. Ал эми экс-ажонун аялы Раиса Атамбаевага ушул аптада кылмыш иши козголуп, суракка чакыртылганы турат. Анын былык иштерге аралашканын Манас Арабаев айтып, күч түзүмдөрүнө көрсөтмө берген. Колу менен кылган ишин ар кимиси өз мойну менен тартышы керек.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: