Menu

Орусияда жашаган тажикстандык кумса мекендештери тарабынан сабалды

Бөлүшүү:

Орусиянын Москва облусунда Тажикстандан барган кумса өз мекендештери тарабынан сабалды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматы Москвадагы «Стимул» аттуу ЛГБТ тобуна шилтеме кылып билдирди.

Уюмдун юристи Антон Рыжовдун айтымында, 27 жаштагы Али аттуу жаранды ур-токмокко алды деген шек менен бир адам кармалып, дагы үчөөнө издөө жарыяланды.

Өзүн жыныстык азчылык топтордун өкүлү деп эсептеген Али соңку алты жылдан бери Орусияда кафелерде жана соода борборлорунда иштеп келген. Ал 22-августта «Стимулга» кайрылып, мекендештери андан акча талап кылып, «туура эмес жолго түштүң» деп сабап, мунун баарын видеого тартып алышканын айтып берген.

ЛГБТ өкүлдөрү менен 2015-жылдан бери иштеп келаткан «Стимул» уюмунун маалыматына ылайык, бул аларга тажикстандык жаран кайрылган биринчи учур болду. Буга чейин Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Түндүк Кавказдын өкүлдөрүнөн арыз-даттануулар түшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

69 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: