Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы, камактагы Өмүрбек Текебаев боюнча мурдагы соттук өкүмдөрдүн жокко чыгышы менен кек куу, өч алуу өөрчүп жатканы байкалууда. Алсак, коомдо УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камоо керектиги байма-бай айтылып жатат. Анын үстүнө учурда УКМКда сурак берип жаткан Өмүрбек Бабанов дагы ага карата козголгон кылмыш иши Сегизбаев менен Жолдубаеванын учурунда саясий өңүттө болгон куугунтук катары адвокатынын оозу аркылуу билдирди. Бул дегендик, экөө убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, ыйгарым укуктарынан аша чабышкан дегенди каңкуулап турат. Шамал кайдан согуп жатканы белгилүү эмеспи… Батукаевдин иши боюнча Жолдубаевага кылмыш иш козголуп, үй камагына чыкты. Кезек Сегизбаевде…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ