Menu

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер министр: “Кендердин көбү Кыргызстанды тоноп кетебиз деген шылуун компанияларга берилип кеткен”

Бөлүшүү:

– Базарбай агай, Кыргызстанда кендер иштетилгени менен андан мамлекет көп учурда пайда эмес, зыян тартып калып жатат. Мамлекет пайдасын көрбөгөн кендерди иштетпей койсок болбойбу?

– Азыркы убакта биздин өлкөдө 600дөн ашык кен байлыктар иштетилип жатат. Алар “Кумтөрдөн” башка, бюджетке жылына болгону 1,3 млрд. сом акча төлөп берип жатышат. Эгер биздин өкмөттүн иши так болсо, алар 40 миллиарддан ашык акча төлөшмөк. Биздин бюджет болгону эле 140 млрд. сомдон турат. Солтон-Сары алтын кени белгилүү кендердин бири. Кендин кандай шартта кытайлыктарга беришкенин тактоо зарыл.

– Бийликтин Солтон-Сары кенинин иштешин убактылуу токтоткону чогулган элди таратуунун айласы эмеспи?

– Негизи бийлик ошол кенди кантип, ким аркылуу кытайлыктарга берилгенин тактамайынча кендин иштеши токтоп турушу керек. Анын баары ачыкка чыкмайын эл иштешине каршы боло берет.

– Мамлекетке пайда түшпөгөн кендерди иштеткен компаниялардын лицензияларын чакыртып алуунун жолу барбы?

– Жолу бар. Бирок ал үчүн өкмөт чечкиндүү болушу керек. Айтайын дегеним, биздин өкмөт, мамлекеттик геология агенттиги кендердин баарын талдап, келишим түзгөндөн баш тарткандарын дароо лицензиясын алып, колунан иш келген компания келгенче бербейбиз деп эле койсо болот эле. Бирок лицензия алган компаниялардын баары биздин өкмөт менен жогору жактагылардын тилин таап, көңүлүн алып коюшкан. Ошон үчүн андай кадамга бара албай кетенчиктей беришет. Анткени коррупциялык жол менен ошондой шартка макул болуп коюшкан. Эгер башкы макулдашууну түзүп алып, колунан иш келген компанияга кендерди берсек өкмөт да, бюджет да байыйт эле. Тилекке каршы, бизде баары теңирден тескери болуп жатат.

– Лицензия берилгенде компаниянын кен казган тажрыйбасына каралып берилиши керекпи же сатып алган компанияга эле бериле береби?

– Негизи лицензия кен казган тажрыйбасы бар компанияларга берилсе болмок. Тилекке каршы, Кыргызстандагы кендердин көбү Кыргызстанды тоноп кетебиз деген шылуун компанияларга берилип кеткен. Ошон үчүн көбү генералдык макулдашуусу жок эле кендерди казып жаратылышыбызга зыян келтирип жатышат. Мамлекеттик геология агенттигинин отчётунда 39 алтын кенди шылуун компаниялар лицензия алышканы маалым болду. Өкүнүчтүүсү, лицензия сатып алган компаниялардын бири да кен казуу колунан келбеген компаниялар. Алар жөн эле лицензияны алып коюшуп, бир-эки жыл кармап туруп башкаларга сатып баюуну көздөп жаткандары да бар. Ошон үчүн кен тармагына кылдаттык менен мамиле кылышыбыз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: