Кечээ, 25-августта Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарлз Эдмунд Гаррет Бишкектин троллейбусуна түшүп алып, “Аламүдүн” базарына эт алганы барганын видеотасмага тартып алып, өзүнүн Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Бүгүн менен Аламүдүн базарында болдум. Кандай сонун жер! Ал жерден жакшы эт сатылат экен, жана Кыргызстандын бардык жагынан келген кызыктуу, ак көңүл кишилерди жолуктурдум”, – деп жазган элчи видеотасмасын коштоп.
Чарлз Эдмунд Гаррет эт базарын аралап жүрүп, малдын жүрөгүн сатып жаткан аялдан анын кыргызча аталышын тактаган, бир нече эт сатуучулар менен таанышкан.
Элчи Твиттер социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары да белгилүү.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/380469682663876/?t=12
Сегодня я был на Аламединском рынке. What a place! Там отличное мясо, и интересные, дружелюбные люди из всего Кыргызстана. pic.twitter.com/BIFHGUzuk5
— Чарлз Терренсович Гарретт (Мырза) (@BritAmbCGarrett) August 25, 2019
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ