Menu

Автокырсыктан Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүң, 26-августта абакта жаткан Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу Бишкектеги N4-травматологиялык ооруканада автокырсыктан алган жаракатынан улам көз жумганын “Мекенчил” партиясынын төрагасынын орун басары Мелис Аспеков билдирди:

“Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан кырсыкка учурады. 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. Эки чийиндүү жерден “разворот” жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат.
С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө.
Бул саясий заказ эмесби деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу учурда номер 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду деп билдиришти жакындары. Дастан 14 август 1992 жылы туулган. Ысык Көл облусунун, Түп районунун Кең Суу айылында 28-август күнү, саат 11:00 Дастанды акыркы аземине узатабыз.”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: