“Президентке ыракмат! Садыр Жапаровго уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди”, – деп билдирди бүгүн, 26-августта “Мекенчил” партиясынын төрагасынын орун басары Мелис Аспеков.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 26-августта Мелис Аспеков 22-августта болуп өткөн автокырсыктан улам оор жаракат алган Дастан Садыр уулу Бишкектеги N4-ооруканада көз жумганын кабарлаган.
Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-август күнү саат 11:00дө Түп районунун Кең-Суу айылында өтөрү айтылды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ