Menu

Душанбеде ашкабак майрамынын белгилениши сынга алынды

Бөлүшүү:

25-августта Душанбеде ашкабак майрамы өттү, аны социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары сынга алды.

«Мехргон» соода борборундагы майрамдык иш-чарага министрликтердин жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Согди, Хатлон облустарынын дыйкандары ашкабактан алган түшүм тууралуу маалымат беришип, андан даярдалган ар түрдүү тамактарды сунушташты.

Тажикстан президентинин жардамчыларынын бири Мухиддин Пайшанбезоданын билдиришинче, жарманкенин максаты – ашкабак өстүрүү үчүн фермерлерге дем берүү.

Тажикстан Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкөдө ашкабактын төрт түрү өстүрүлөт, министрлик өндүрүштү көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Бул арада социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары иленди кишилерди ашкабакка салыштырышарын эске салып, майрамды белгилөөнү маңызсыз деп аташты.

Көптөгөн өлкөлөрдө ашкабак байгерчиликтин символу болуп эсептелет. Анын курамында пайдалуу витаминдер көп. Тажикстанда да ашкабактан көп тамак жасалат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: