Menu

Акаев Кыргыз-Орус славян университетинин ректору болобу?

Бөлүшүү:

Азыр эч нерсеге деле таң калбай алдык го? Экономикабыз эмне болуп жатат, күзгү орум-жыйым кандай жүрүп жатат, билим берүү, медицина тармагы, жалпы эле социалдык блокто кандай иштер бүткөрүлүүдө жана да өкмөт кышка даярбы, бул туурасында Ак үй менен Көк үй тарапта негедир аталган маселелер жөнүндө көзгө көрүнөөрлүк иштер аз. Бийликтин бардык энергиясы башка нерсе менен алек болуп жаткандай түр. Көчөдө болсо локалдык стресске батып калгандай жүздөр. Негизи эле чын-чынында чоңдорубуздун жүрөк жылытаарлык жасалып жаткан иштери деле көрүнбөйт. Эл өзү менен езү. Эл демекчи, «эл оозунда элек жок» дегендей, учурда ошол эл арасында жакында «Акаев келет экен, келип Б.Елцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин ректору болот экен» деген сөздөр айтылып атат. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи азыркы саясий конфигурацияда мындай айтылган имиштер чындыкка деле айланып кетиши мүмкүн. Бирок, чындап эле ошондой болуп кетсе кезинде баласын, кызын, бийликтин бийик жерлерине түртүп, Конституцияны бир нече жолу аттап, өзгөртүп, акыры эл тарабынан «үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун орнотулушуна каршыбыз» деп ошол Аскар Акаевди бийликтен кууп чыккан 2005-жылдагы элдик революциянын маңызы оомийин болобу? Ал киши келип калганда да биздин бүгүнкү бийлик башындагылар кур дегенде миңдеген жылдарда барып пайда болчу жаратылышыбыздын таш-талканын чыгарган “кылым аферасы” атыккан Кумтөр кени боюнча түзүлгөн кылмыштуу келишим үчүн жоопкерчилигин сурагана жараар бекен? Балким алардын арасынан Батукаев маселесин козгоп чыккандай так ошол Кумтөр мафиялык келишиминин курмандыгы болду деп айтылып калган эгемендүү өлкөбүздүн биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун табышмактуу жол кырсыгы жөнүнде кызыгуу үчүн болсо да суроо салаар? Андан башка да Акаевке кылмышка шектүү делген далайлаган суроолор бар болуш керек, канча жылдан бери жоопсуз калып келаткан. Же булардын баары тең жана 2005-жылдагы март ыңкылабы эмнеден улам келип чыкканы жабылган барактар болуп калабы?

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: