Кечээ эле КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болуп, А. Атамбаевдин Кой-Таштагы Элдик штабынын активдүү мүчөлөрүнүн бири деп жүргөн Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу жарандык активист өзү билдирди. Анын айтымында, Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен« партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган. Белизгейт чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек экен. Ошондой эле А.Турдукулов аталган кайрылуусу боюнча Башкы прокуратура кандай мыйзамдык аракеттер көрүлөрүн күтөрүн да кошумчалады. Бул боюнча УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев жана
Башкы прокуратура азырынча эч кандай комментарий бере элек.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ