Menu

Марс Сариев, саясий эксперт: “Эки Өмүрбекти саясатка аралаштыруу жогору жак үчүн ыңгайлуу болду”

Бөлүшүү:

– Атамбаевге тиешелүү мүлктөрдүн узун тизмеси жарыяланып, коомчулуктун көңүл борборуна алынды. Бирок анын уулу Раиса Атамбаевага Кой-Таштагы үйдөн башка нерсе катталбаганын айтты. Бул жерде бийликтен кеткен кишини туш тарабынан каралоо кампаниясы жүрүп жаткан жокпу?

– Атамбаевдин мүлктөрү боюнча түрдүү маалыматтар чыгып жатат. Бирок анын баарын иликтеш керек. Узун тизмеге кирген объекттердин көбү Атамбаевге тиешеси жок, ээси башкалар. Ошон үчүн, анын байлыгына кирген анын байлыгына кирген мүлктөрдү кылдат иликтеп чыгыш керек. Ага карабай анын мүлкү деген үчүн эмнегедир саясий эффект берилип, көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жатат. Чынында Атамбаевдин байлыгы, каражаты жетиштүү. Ал бизнесмен болгон. Ошон үчүн бар байлыгынын баарын кызматта, турганда жыйды деген ойдон да алыс болгонубуз оң.

-Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголду. Ал чын эле айыпталып жаткандай коррупциялык иштерге аралашканбы?

Чынын айтсам, Раиса Атамбаева тууралуу бир нерсе деш кыйын болуп турат. Ал Арабаевдин көрсөтмөсү менен коррупциялык ишке аралашкан деп кылмыш иши козголду. Бирок менде ал чындап эле коррупциялык схемаларга аралашкан, коррупциялык схеманын башында турган деген факты жок. Ошон учүн ал тууралуу бир нерсе деп айтыш кыйынга туруп жатат.

– Азыркы бийликтен ыдык көргөндөр жана Атамбаевдин жакындары учурда мыйзамсыздык күч алганын айтып жатышат. Атамбаевчилер репрессияга кабылдыбы?

– Укук коргоо органдары чынында Атамбаев түзгөн система менен иштеп жатышат. Атамбаевди колго түшүрүүдө күч колдонуп, ок атылып, адам өмүрү кыйылып, көптөр жаракат алган кырдаал орун алды. Укук коргоо органдары балким ошон үчүн Атамбаевчилерге жана анын жакындарына катуу мамиле жасашса, кимдир бирөөлөргө мыйзамсыздык күч алгандай сезилип жаткандыр. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Андай катаал чараны репрессия катары кабыл албай деле койсок болот.

– Атамбаевди кандай тагдыр күтүшү мүмкүн? Ал өмүр бою кесилеби же эркиндикке чыгуунун жолун табабы?

– Чынында Атамбаевге оор айыптар тагылып жатат. Ал айыптарга караганда өмүр бою камакта калышы мүмкүн. Бирок ал саясатчы. Менимче күзүндө Атамбаевди Москвага экстрадициялоо маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Ал экстрадициянын шылтоосу менен Кыргызстандан чыгып кетет. Ошон үчүн ал өмүр бою камалып жазасын тартат деп ойлобойм.

– Атамбаевди кармоодо дагы бир кызыктай жагдай орун алды. Атамбаевди колго түшүүгө көндүргөн Курсан Асанов езү кызматынан кетип, милициянын кызыкчылыгын сатты деп кылмыш иши козголду. Ал эмнеден жаңылды?

– Курсан Асанов Атамбаевди колго түшүрүү операциясында кан төктүрбөөнү колго алды. Атамбаевди ынандырды. Бирок анын аракеттерине укук коргоо органдары катачылыкка жол берди деген айып тагышты. Эми Курсан Асанов катачылыкка жол берди деген айрым нюанстарды тергөө көрсөтөт деп ойлойм.

– Атамбаев камалганы Сагынбек Абдрахманов мөөрү, уставы жок болсо да Атамбаевдин таламын талашкан депутаттарды партиядан чыгаруу аракети орундуу элеби же аша чабуубу?

– Атамбаев оор айыптардын негизинде камалгандан кийин анын саясаттагы ордун биротоло жок кылыш үчүн анын тарапташ депутаттарын да партиядан тазалоо аракети жүрүп жаткандай. Башкача айтканда, Сагынбек Абдрахмановдун аракети менен Атамбаевчилерден партияны тазалап жатышат. Башкача айтканда, Атамбаевдин саясаттагы ресурсун бууш үчүн ага фундамент болгон партияны так ушундай жол менен Сагынбек Абдырахмановдун колу менен тазалатышууда. Анткени саясаттын логикасы Атамбаевди алсыратууга, саясаттан биротоло кетирүүгө багытталып жатат. Ошон үчүн алардын бул кадамын жакшы же жаман деп айтууга азыр эртелик кылат.

– Сагынбек Абдырахманов КСДПнын таш-талканын чыгарып партиянын убалына калган жокпу?

– Негизи анын бул аракети ага абийир деле алып келбейт. Сагынбек Абдрахманов КСДПны Атамбаевдин тарапташтарынан тазалаганы менен ага лидерликти эч ким бербейт. Көрөсүңөр го. Ага көп ишти жасатып алып, бирок жыйынтыгында партияга башка бирөөнү лидер кылып коюшат.

-Текебаев менен Чотоновдун ишинин кайра каралышы адилеттүүлүк орун ала баштаганынан кабар береби же элди алаксытуу үчүн жасалган бийликтин амалыбы?

– Менимче адилеттүүлүктөн кабар берет. Буюрса, Текебаев менен Чотоновдун иши каралып, алар акталат. Текебаев саясатка кайтып келет. Парламенттик шайлоого партиясын катыштырат. Бирок баштагыдай күчтүү оппозиция болбой, жигиттик келишимди сактайт.

– Неге мурун эле Текебаевдин акталышына, Бабановдун Кыргызстанга келишине шарт түзүлгөн эмес? Булар Атамбаевди саясаттан биротоло кетириш үчүн жазылган сценарийди ишке ашырыш үчүн саясатка кайтып келе жатышкан жокпу?

– Ошондой десек да болот. Анткени Атамбаевге каршы койгонго Текебаев менен Бабанов ылайыктуу. Булар башкаларга караганда салмактуу саясатчылар. Булардын жардамы менен Атамбаевди саясатта кала турган ресурсун биротоло жоготууну көздөп жатышат. Бул эки саясатчы эми Атамбаевди колдогон элди да тартын алышат. Жогору жактагылар буга чейин булардан чочулашып, өз оюндарын ойноп кетет деп саясатка аралашышына макулдук бергенден коркушчу. Бу сапар аларды Атамбаевден кутулуу үчүн колдонушат. Анткени Атамбаев камалгандан кийин эки Өмүрбекти саясатка аралаштыруу жогору жак үчүн ыңгайлуу болду. Эми булар да сөзгө туруп, рамкадагы жигиттик келишимден чыкпай иш кылышат. Катуу кетпей, конструктивдүү оппозиция болушат.

– Булар парламенттик шайлоого катышканга эле ыраазы болушабы же андан да башка бийликти каалашабы?

– Текебаевге партиясы парламентке барса ошого ыраазы болушу мүмкүн. Бабанов өзү же өз кишисин премьер-министр кылууга аракет кылат. Анткени Бабановдо Россия менен ишке ашырчу бизнес проектилери бар. Оппозицияда туруп эле сунуштаса, эл өзү аны премьер-министрликке сунуштайт. Жазында же ушул күздө өкмөттү отставкага кетирип, Бабанов же анын кишилери премьер-министр болуп калышы мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: