Menu

Өкмөт соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбооруна Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын, Жогорку соттун жана башка мамлекеттик органдардын сунуштары киргизилген.

Мисалга өзгөчө учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганга чейин окуя болгон жерди кароону жүзөгө ашырууга уруксат берүү.

Мындан тышкары жоруктун бетинин ачылышын камсыз кылуу максатында алгачкы текшерүүчү органдар атайын тергөө иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укуга бар. Ошол эле учурда сунушталып жаткан түзөтүүгө ылайык, тергөөчү алгачкы текшерүүчү органдарга иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзүү үчүн кат түрүндө тапшырма бере алат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Өкмөт соттук-укуктук реформаны пландуу түрдө ишке ашырып жатат. Аны иш жүзүнө ашыруу 2019-жылдын 1-январында башталган.

«Учурда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды аткаруу боюнча укук коргоо органдарынын укук колдонуу тажрыйбасына активдүү байкоо жүргүзүлүүдө. Биз оңдуу, ошону менен бирге айрым бир кыйынчылыктарды туудурган маселелерди көрүп турабыз. Бул боюнча айрым ЧУАларды өркүндөтүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Жеңиш Разаков белгилегендей, сот-укуктук реформанын алкагында мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды кодекстерге ылайыктоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, демилгеленип жаткан бардык өзгөртүүлөр адам жана жарандардын  укугу, укук коргоо органдарынын практикалык тажрыйбасы, жарандык коомдун эксперттик пикирлери эске алынып, соттук-укуктук реформаны концепциясын сактоого негизделди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

18 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: