Бүгүн, 26-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды.
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.
Ушул жылдын октябрь айында Азербайжан Республикасында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 7-Саммитине, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарга тараптар өзгөчө көңүл бурду.
Жогоруда аталган иш-чаралардын уюштуруу жана мазмундуу бөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара умтулуусун тастыктады. Бул контексттен алганда, кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргызстанда Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп менен парктын курулушунун деталдары талкууланды.
Маалымат катары: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – (ССТГ) – мамлекеттер аралык уюм, анын, башкы максаты түрк тилдүү мамлекетердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кеңештин негиздөөчүлөрү жана азыркы мүчөлөрү Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия болуп эсептелет. Азыркы учурда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде Кыргыз Республикасы төрагалык кылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ