Menu

Фото – Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Суу-жер ресурстары – өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи

Бөлүшүү:

Суу-жер ресурстарын эффективдүү колдонуу – Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнүн негизги болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Чүй облусунун Красная Речка айылынын эмгекчилери менен жолугушууда айтты.

«Бизде суу бар – бул биздин негизги байлыгыбыз. Өкмөт ирригацияны өнүктүрүүгө олуттуу күч жумшап жатат. Ирригация жана талаптагыдай айыл чарба техникалары менен айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн эки эсе жогорулатууга болот», – деп Замирбек Аскаров белгилеп, өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде өнөр жайды тереңирээк интенсивдештирүүгө чакырды.

Анын айтымында, учурда калктын үчтөн эки бөлүгү айыл жеринде турат. Эмгек өндүрүшүн атаандаштык көрсөткүчүнө чейин жеткирүүнү жогорулатуу керек.

«Айыл чарбасы өнүккөн мамлекеттер өнүккөн өлкө деп айтылат. Буга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Айыл чарбасындагы өндүрүштү электрификациялоо менен биз эмгек өндүрүшүн үч эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар», – деп белгиледи  Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр андан кийин шаарларды өнүктүрүү үчүн суу-жер ресурсун натыйжалуу колдонуу керектигин кошумчалады.

«Жашыл экономиканы өнүктүрүү шарттарында химиялык жер семирткичтерсиз өстүрүлгөн, органикалык таза өсүмдүк продукцияларына суроо-талап сөзсүз жогорулайт, – деп  белгиледи  вице-премьер-министр Замирбек Аскаров. – Айыл чарба продукциясын өнүктүрүү үчүн бул келечектүү, бирок биз санитардык шарттардын жаңы ченемдерине жана экологиялык стандарттардын талаптарына даяр болууга тийишпиз».

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр жыйноочу айыл чарба техникаларынын, таңгактоо агрегаттарынын жана пресстегичтердин көрсөтүүсүн кыдырды.

Маалымдама: 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарбасын колдоо үчүн бюджеттен «АЧК-6» программасы боюнча 6,6 млрд сом бөлгөн. 2019-жылдын августуна карата  «АЧК-7» программасы боюнча айыл чарбасындагы чарбалык субъекттерге 4,8 млрд сом бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын 30-майында канаттуулар фабрикаларын жана балык чарбаларын камсыздоо үчүн жем өндүрүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу мыйзам кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: