Menu

Тагдыр: “Бактымды таппай келем”

Бөлүшүү:

“Эркекти барчылыкта, аялды жокчулукта сына деген сөз чын…”

Жубайым менен 2 балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Балдарды талашпай, кезектешип бага турган болдук. Негизги милдетти өзүм алдым. Учурда Россияда айнек заводунда иштейм. Алгач катардагы эле кызматкер болуп киргем. Бара-бара кызматымдан көтөрүлүп, азыр бөлүм башчымын. Айлыгым кудайга шүгүр, балдарды бакканга, Кыргызстанга акча салып турууга жетет. Айылыма чоң, өзүм кыялданган үй салып жаткам, бүтөйүн деп калды. Жубайым мектепти бүтөөрү менен эле баш кошконбуз. 7 жыл бирге жашадык. Бирок бирде жетип, бирде жетишпей жашаган күндөр болду. Азыркыдай акча кенен эмес, балдар кичинекей кезде абдан кыйналдык. Жетпеген турмуштун айынан Россияга иш издеп келип экөөбүз тең иштеп жүрдүк. Балдарды кайындарыма таштап кеткенбиз. “Эркекти барчылыкта, аялды жокчулукта сына” деген сөз чынбы, айтор жокчулуктун айынан азап тарткан мени кайын журтум да, келинчегим да аябай басмырлашты. Россияга келген биринчи жылы ар кайсы кара жумушту жасап иштеп жүрдүм. Келинчегим тажап, акча жок деген сөздү уккусу да келбей тынбай уруша баштадык.

“Жокчулук турмушумду бузду…”

Күндөр өтө берди, кайын журтум бардыгына кийлигише берип, кызын акыры Кыргызстанга чакыртып алышты. Мен Россияда 5 жыл жалгыз жашап, иштедим. Кеткен бойдон байланышкысы да келбейт, балдар менен сүйлөштүрбөйт. Атам менен апам барса да балдарды көрсөтпөй коюшуптур. Кыргызстанга барган сайын балдарыма барсам кайын энем көрсөтпөй кагып-силкип коет. Келинчегим да байланышкан жок. Ал Бишкекке кетип иштеп жатат деп коюшту. 5 жыл өзүмчө жашап жүрүп ишим жогорулады, акчам көбөйдү. Айтор ата-энем ыраазы болгудай шартта жашап калдым. 5 жылдан бери бой жүрөсүң, аялың болсо кайда экени белгисиз, качанкыга чейин жүрөт элең, балдарыңды го өзүң камсыздап жатасың, үйлөн деп эле апам тынчымды ала баштады. Кайын журтума барып балдардын кемкарчысын алып барып, биротоло жубайым менен сүйлөшүүнү чечтим. Барсам келинчегим аябай өзгөрүптүр, кепке келгиси жок. Негедир көздөн алыс адам көңүлдөн да алыс деген чынбы, мурдагыдай жакын болбой, алыстап кетиптирбиз. Тынч эле ажырашалы деген чечимге келдик да, ажырашып кеттик.

“Апамдын суранычы менен бөлөмө үйлөндүм…”

Апам болсо үйлөн деп эле жанды койбойт. Анын үстүнө колумда жок кезде кайын журтум басмырлай берип апам аларды көргүсү келбей калыптыр. Ошолордун көзүнө көрүнүп жаша деп өзүнөн-өзү эле согушка камдангандай камданып, кайындарымды душман тутуп алды. Көңүлдөгүдөй үйлөнө турган деле кызым жок. Апама шартымды айтсам менин тилимден чыкпай жашаган кыз керек, сиңдимдин кызын ал деп кыйнай баштады. Бөлөм менден 2 жаш улуу, турмушка чыгып, балалуу боло албай ажырашып кеткен болчу. Мурда-кийин экөөбүз таптакыр сүйлөшүп көргөн эмеспиз. Апам ой-боюма койбой эле ошол сиңдисин таңуулап, балдарыма да жакшы апа, үйгө жакшы келин болот деп той камын көрө баштады. Сиңдисине барып сүйлөшүп, менин көңүлүмө карабай эле үйлөнүү чечимин кабыл алып салды. Апам мен үчүн көп азап тарткан, дагы бир жолу ыйлабасын деп, анын үстүнө жаш бала болсом бир жөн деп үйлөнүүгө макул болдум. Ары-бери той кылып бизди үйлөндүрүп коюшту. Бөлөм экөөбүздүн мамилебиз такыр келишкен жок, мен ага, ал мага көнө албай кыйналдык. Экөөбүздүн дүйнө таанымыбыз таптакыр эки башка. Бирок ошого карабай жашадым. Кыздуу болдук. Кыргызстанда иш жок, баягы таз кейпиме келбейин деп, кайра эле Россияга кетип калдым. Азыр бөлөм апамдар менен жашап жатат. Апама абдан жагат, кыялындагыдай келин болуп берди. А мен болсо Кыргызстанга кайткым келбейт… Турмуштан жолум болбой абдан чүнчүдүм, ажырашайын десем апамды аяйм, ажырашпайын десем ортобузда сезим жок. Ушинтип бир келген жашоомдо көңүлсүз жашап өтөмбү? Кызымды карап алып боорум ооруйт, улам эле балдарымдын көздөрүн жалдыратып ажыраша беремби деп ойлоном. Айтор эки жолу турмуш курсам да бакытты үйүмдөн таппай келем…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: