Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунда жергиликтүү бийлик банкматтарга кезекке туруунун алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүдө.
Маалым болгондой, полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармап, суракка алууда. Мындан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен банктоматтардын жанында “көрүнбөөнү” талап кылышууда.
Өткөн жумада Түркмөнстан президенти Бердымухамедов өлкөдө каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздабаганы үчүн Борбордук банктын төрагасына сөгүш жарыялаган.
Бирок банкоматтар бузулбай эле иштеп жатканын, болгону аппараттарда акча жок экенин белгилөөдө.
Түркмөнстанда банкоматтардан бир суткада 200 манаттан (57 доллар) ашык акча чыгарууга болбойт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ