Дастан Садыр уулу кырсыкка учураганда тартылып алынган видеотасма 22-август күнү Дастан Садыр уулу Көк-Жар айылында мотоцикл менен келатып, анын жолун тороп жол эрежесин бузган автоунаа менен кагылышкан. Оор жаракаттан улам шаардагы N4-травматологиялык ооруканага жеткирилген. Ошондон бери эсине келе албай, 26-августта ооруканада көз жумган.
Дастандын атасы, белгилүү саясатчы Садыр Жапаров Атамбаевдик режимдин куугунтугунан азыр жалаанын негизинде 11 жылга кесилип, Молдовановкадагы абакта олтурат. Ага баласынын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди.
Дастан Садыр уулунун сөөгү 28-августта Түп районунун Кең-Суу айылында жерге берилет.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/517287032410416/?t=2
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ