Menu

Алматыда үч адамды сүздүрүп кетүү фактысы «адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча тергелүүдө

Бөлүшүү:

Алматыда үч адамды автоунаа менен сүздүрүп кетүүгө шектелгендердин бирөөсү кармалды. Бул тууралуу шаардык полиция департаменти билдирди.

Мекеменин өкүлү Думан Аухадиевдин айтымында, шектүү катары кармалган жаран Алматы облусунун 24 жаштагы тургуну. Окуя болгон маалда ал ак түстөгү Toyota Camry автоунаасын айдап жүргөн. «Toyota Avensis үлгүсүндөгү экинчи унаанын айдоочусунун дагы тек-жайы аныкталды, ал да сөзсүз кармалат», — деп кошумчалады Аухадиев.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

Окуя 26-августтун таңында болгон. Болжол менен саат бештерде шаардын Бостандык районунда айдоочу үч адамды сүзүп, качып кеткен. Бул учур тартылган видео интернетке жарыяланган. Анда алгач ак түстөгү Toyota Camry унаасы жолдо турган адамдардын жанына келип токтогонун, андан соң экинчи машине аларды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенин көрүүгө болот.

Полиция алгач бул окуя боюнча «Жол эрежесин бузуу», «Жол кырсыгы болгон жерден качып кетүү» жана «Бейбаштык» беренелеринин негизинде тергөө иштери башталганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: