Menu

Макрон сентябрда Украина боюнча ири саммит өтөрүн билдирди

Бөлүшүү:

Сентябрда Орусия, Украина, Германия жана Франция лидерлери Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон Биаррице шаарында жыйынтыкталган «Чоң жети» саммитинен кийин билдирди.

«Биз сентябрь айында пайдалуу саммит өткөрүү үчүн бардык шарттар бар деп ойлойбуз», — деди Макрон. Бирок ал жолугушуунун так датасын айткан жок.

Украинанын чыгыш аймактарында орусиячыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосундагы тиреш 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери уланып келатат. Андан бери анда 13 миңден ашык адам мерт болуп, бир жарым миллионго жакын тургун башка аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Европа биримдиги, АКШ жана башка өлкөлөр жаңжал үчүн Москваны айыптап, Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: